Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 20:38
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Вице-премьер А.Мадумаров Өзбекстандын өкмөт башчысы А.Арипов менен жолугушту

27.08.2020 09:23
908
Вице-премьер А.Мадумаров Өзбекстандын өкмөт башчысы А.Арипов менен жолугушту


Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Ташкент шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Өзбекстандын өкмөт башчысы эки өлкө ортосундагы бир катар багыттар боюнча өз-ара пайдалуу кызматташтыктын өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

Анын айтымында, эки мамлекет жетечилеринин саясий эркине жараша акыркы мезгилде эки тараптуу кызматташууда чоң өзгөрүүлөр орун алды.

«Бардык деңгээлде активдүү диалог жүргүзүлүүдө. Эки тараптуу товар жүгүртүүдө өсүштөр байкалып, инвестициялык кызматташтык кеңейип, маданий байланыштар чыңдалууда», - деди Абдулла Арипов. 

Вице-премьер Акрам Мадумаров меймандостук жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. 

Ал Кыргыз Республикасы мындан ары карай эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өз-ара аракеттешүүнүн ар-кыл багыттарында эки тараптуу мамилелердин тереңдетилишине өзгөчө маани берээрин белгиледи.

«Биздин элибизди көп жылдык достук жана коңшулук мамилелер бириктирип турат. Биздин милдет – достук мамилебизди, өз-ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоону улантуу, экономиканы өнүктүрүү үчүн колдогу мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу, коңшулаш бир тууган элибиздин бакубаттуулугу үчүн чек ара маселелерин чечүү болуп саналат», - деди Акрам Мадумаров. 

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты. Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын ишин жемиштүү өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара кызматташтыгы маселелери талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн