Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 23:31
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Вице-премьер Акрам Мадумаров Баткен облусуна учуп кетти

09.05.2020 14:28
1314
Вице-премьер Акрам Мадумаров Баткен облусуна учуп кетти

 

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен өлкө жетекчилигинин тапшырмасы боюнча Баткен облусуна кетти.


Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, вице-премьер-министр окуядан жабыркаган аскер кызматчылары дарыланып жаткан ооруканага барат. 


Ал ошондой эле укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда кечээ мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ок атуучу курал колдонуу менен болуп өткөн окуяга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрөт. 

Тема боюнча: Баткенде ок атышуу болуп, кырдаал курчуду

Кыргыз-тажик өкмөт башчылары ок атуучу курал колдонууга жол бербестигин белгилешти

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн