Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 05:02
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Вице-премьер ИИМдин өздүк курамына министрдин жаңы орун басарларын тааныштырды

21.10.2020 14:53
548
Вице-премьер ИИМдин өздүк курамына министрдин жаңы орун басарларын тааныштырды


Ички иштер министрлигинин өздүк курамына министрдин жаңы орун басарлары Октябрь Урманбетов менен Эркебек Аширходжоев тааныштырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, вице-премьер-министр Максат Мамытканов жана өкмөттүн аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн башчысы Азамат Араев жаңы орун басарларды тааныштырды.

Аталган иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, министрликтин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Октябрь Урманбетов Ысык-Көл ОИИБдин башчысы кызмат ордунда 2016-жылдын апрелинен 2019-жылдын январь айына чейин иштеген. Эркебек Аширходжоев ИИМдин тергөө кызматынын башкармалыгынын башчысы болгон.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, милициянын генерал-майору Алмазбек Орозалиев бул кызмат ордунда 2015-жылдан бери иштеп келген жана ИИМдин кадрлар карамагында болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн