Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 10:00
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Вице-премьер Мадумаров Ошто күч түзүмдөрүнө бир топ милдеттерди тапшырды

16.04.2020 11:10
1069
Вице-премьер Мадумаров Ошто күч түзүмдөрүнө бир топ милдеттерди тапшырды


Кечээ, 15-апрель күнү Ош шаарында вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдун жетекчилиги алдында өзгөчө абалдын мөөнөтүнүн узаргандыгына байланыштуу, COVID-19 илдетин жоюу жана таркалып кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча аткарыла турган иш-чаралар талкууланды. Бул тууралуу Ош шаары, Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борборунан билдиришти.


Жыйынга ички иштер министринин биринчи орун басары,  милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев, Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, ошондой эле укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик мекеме-уюмдарынын жетекчилери катышты.


Анда тийиштүү органдарга өз милдеттери туурасында тапшырмалар коюлду. Өзгөчө абал узаргандыгына байланыштуу калкты азык-түлүк, дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну, коомдук жайларды, азык-түлүк дүкөндөрүн, калкты тейлөөчү мекеме-уюмдардын имараттарын, банктардагы акча алуучу жабдыктар орнотулган жайларды, оору чыккан аймактардагы турак-жайларга санитардык-карантиндик талаптардын негизинде тынымсыз дезинфекциялоо иштерин жандандыруу талаптары коюлду.


Өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылып, коменданттык сааттын убактысы кечки саат 21:00дөн тартып эрте мененки саат 06:00гө чейин белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн