Бугу 14, 2024
Убакыт: 23:59
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Вице-премьер-министр аутизм менен жабыркаган балдардын борборуна барды

17.08.2020 13:42
1383
Вице-премьер-министр аутизм менен жабыркаган балдардын борборуна барды

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова 2012-жылдын сентябрь айында негизделген «Рука в руке» аутизм менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин коомдук бирикме борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, аталган борбордо аутизмдин ар-кыл формасынан жабыркаган балдар даярдыктан жана абилитациядан өтөт, ошондой эле мында ата-энелер, медициналык жана социалдык кызматкерлер үчүн семинарлар жана тренингдер өтөрүлөт. 

Аида Исмаилова балдарды натыйжалуу адаптациялоо жана социалдаштыруу үчүн дартты эртелеп аныктоо жана кийлигишүү боюнча долбоор менен таанышып чыкты. 

Борбордун жамааты менен жолугушуунун жүрүшүндө  өкмөттүн 2012-жылдын 31-январындагы №675 токтому менен бекитилген «Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп эсептөө жөнүндө жобого» өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн