Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 15:03
USD
86.65
87.15
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Вице-премьер экономика качан калыбына келерин айтты

11.06.2020 18:02
1060
Вице-премьер экономика качан калыбына келерин айтты


Экономикадагы абал жакшырбаса, бюджетте каралган каражаттар пропорционалдуу түрдө кошумча кыскартылышы ыктымалбы?, деген суроого вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 11-июндагы брифингде жооп берди. 


Анын айтымында, пандемия май айынын жыйынтыгы боюнча экономикага кандай таасирин тийгизгенин июнь айында көрүүгө болот.


"Бизде абал өтө тез алмашып жатат, мындай кырдаал дүйнө жүзүндө да болуп жатат деген ойдомун. Ошондуктан карантин жана бул пандемия майдын жыйынтыгы боюнча экономикага кандай таасирин тийгизгенин июнь айында көрө алабыз. Ал эми июль-августта бул кризистен бара-бара кайра калыбына келип жатканыбыз көрүнөт жана, албетте, бюджет тийиштүү түрдө оңдолот жана калыбына келет. Мында оңдоолор биздин экономикалык көрсөткүчтөрүбүз өнүгө турган сценарийлерден көз каранды болот", - деп жооп берди Эркин Асрандиев.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн