Бугу 07, 2024
Убакыт: 04:32
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Вице-премьер клиникалык ординатуранын абалы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

09.08.2020 10:45
762
Вице-премьер клиникалык ординатуранын абалы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова клиникалык ординатуранын абалы жана өнүгүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, кеңешмеге Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору Андрей Сопуев, Кыргыз-Орус Славян университетинин медицина факультетинин деканы Анэс Зарифьян, Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров жана Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыканов, ошондой эле ординаторлор катышты.

Жыйындын соңунда үй-бүлөлүк медицина факультетин түзүүнүн, ЖОЖдордогу медицина факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношуусуна талдоо жүргүзүүнү, клиникалык ординатураларда кошумча 250 орун түзүүнүн максаттуулугун карап чыгуу тапшырмасы берилди. 

Билим берүү жана илим министрлигине, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине абитуриенттерге бюджеттик орундарга тапшыргандар окууну бүткөндөн кийин аймактарда иштеп келүү  керектигин жеткирүү тапшырмасы берилди. 

Мындан тышкары тиешелүү мамлекеттик органдарга клиникалык ординатурада билим алуунун мөөнөтү кайра каралып чыга турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун киргизүү тапшырылды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн