Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:58
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Вице-премьер-министр «Алтын тамга» тестирлөөсүнүн жүрүшү менен таанышты (фото)

19.06.2020 10:57
1023
Вице-премьер-министр «Алтын тамга» тестирлөөсүнүн жүрүшү менен таанышты (фото)


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова «Газпром Кыргызстан мектебине» барып, Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мекемелери үчүн өткөрүлгөн «Алтын тамга» көзкарандысыз тестирлөөсүнүн жүрүшү менен таанышты. 

 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Билим жана илим министрлигинин чечими боюнча, «Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы реалдуу убакыт режиминде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен өткөрүлүүдө.

 

Дене тапты байланышсыз аныктоо, колду дезинфекциялоо, жеке отургучтарды бири-биринен 1,5 метр аралыкта жайгаштыруу орун алып, коридорлордо жана эс алуу жайларында адамдардын топтолуусуна жол бербөө максатында талапкерлердин келүү графиги иштелип чыккан.

 

Өзгөчө үлгүдөгү аттестатты алууга талапкерлер ыкчамдык жана объективдүүлүк максатында тестти планшет аркылуу тапшырышат, ал эми анын жалпы жыйынтыгы бүтүрүүчүгө жана байкоочу эксперттерге автоматтык түрдө жеткиликтүү болот.

 

Белгилесек, 2019-2020-окуу жылында 1 345 бүтүрүүчү өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга талапкер болуп саналат. Өткөн жылы «Алтын тамга» сынагына 1 148 окуучу катышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн