Бугу 15, 2024
Убакыт: 03:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Вице-премьер-министр Боролдой айылындагы социалдык обьектилердин абалы менен таанышты

21.08.2020 09:14
963
Вице-премьер-министр Боролдой айылындагы социалдык обьектилердин абалы менен таанышты


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Чүй облусундагы Кемин районунун Боролдой айылындагы социалдык обьектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жумушчу сапарынын жүрүшүндө Аида Исмаилова жалпы билим берүү мектебинин жаңы окуу жылына карата даярдыгы менен таанышты жана мектептин жетекчилиги менен аталган окуу жайынын көйгөйлөрүн талкуулады.

Белгиленгендей, мектеп жана педагогикалык курам жаңы окуу жылында биринчи классты кабыл алууга толугу менен даяр. Ошондой эле мектеп директору тарабынан орун алган көйгөйлөр белгиленди.

Бүгүнкү күндө мектептин имаратында жарака кеткен, ал боюнча бир нече жылдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан капиталдык ремонт өткөрүү зарылдыгы тууралуу буйрук берилип келет, бирок бул көйгөй чечиле элек. 

Мындан тышкары, аталган мектептин интернетке оптика-булалык жеткиликтүүлүгү бар, бирок окуу жайдын компьютердик жабдуусу эскирген жана жетишсиз көлөмдө.

Мындан тышкары, Аида Исмаилова Боролдой айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун иши менен таанышты, ал 50 жыл мурда курулган имаратта жайгашкан. Мурда мында участкалык оорукана жайгашып, 10 ашуун калктуу пунктту тейлеп келген. 

Аталган имараттар комплексинде өзүнчө жайгашкан мурдагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн 100 орундук имараты бар, мында ремонт керектелет. 

Боролдой айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жугуштуу оорулар бөлүмүнө ремонт талап кылынат жана рентген-диагностика үчүн жабдууга жана реанимациялык унаага муктаж.

Сапардын жыйынтыгы боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга жогоруда аталган маселелерди жоюу тапшырмасын берүү чечилди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн