Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:05
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Вице-премьер-министр Чүйдөгү “Васильевка” чек ара бекетине барды (фото)

28.05.2020 19:17
1331
Вице-премьер-министр Чүйдөгү “Васильевка” чек ара бекетине барды (фото)


Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Чүйдөгү “Васильевка” чек ара бекетинин иши менен таанышып, Өкмөттүн жана жеке өзүнүн атынан чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

 

“Быйыл Кыргызстандын Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнө 21 жыл толуп отурат. Тарыхый ченем менен алганда бул аралык анча деле көп убакыт эмес. Бирок биз мамлекетибиздин жаңырган Чек ара кызматынын калыптанышына күбө болуп келе жатабыз. Өз тарыхында чек арачылар душмандарды биринчилерден болуп каршы алып, Мекен чегин көздүн карегиндей сактап, аскердик антка жана кызматка берилгендигин далилдеди, - деген Акрам Мадумаров.


Ал чек араны коргоо кылымдар бою эң бир жооптуу, оор жана ардактуу милдеттерден болуп келгенин, аны аткарууну Мекен мыкты жоокерлерге гана ишенип тапшырарын белгиле
ген.


Мезгилдин жана мекендин коопсуздугуна коркунуч жараткан чакырыктарга жооп берүү менен, өлкөнүн чек арачылары эл аралык уюшкан кылмыштуулукка, терроризм коркунучтарына жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы аракеттенүү боюнча маанилүү милдеттерди чечип жатат. Кыргызстандын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу ыйык милдетин аткарууда, чек арачылар мындан ары да күжүрмөн даярдыктар чеберчилигин жакшыртып, иш жүзүндө элибизге жана Ата Мекенге берилгендигин далилдейт деп терең ишенем. Өзүнүн ак ниет иштери менен мамлекеттин коргоо жөндөмдүүлүгүн бекемдеп, анын көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоп келген Чек ара аскерлеринин ардагерлерине терең ыраазычылык билдирем, - деген вице-премьер-министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн