Бугу 14, 2024
Убакыт: 07:52
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Вице-премьер-министр Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына барды

20.08.2020 16:11
964
Вице-премьер-министр Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына барды


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Чүй облусунун Кант шаарында жайгашкан Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, оорукананын абалы жана медициналык кызматкерлердин иштөө шарты менен таанышуу учурунда кеңешме өтүп, анда Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Альсира Момуналиева, Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун Чүй аймактык башкармалыгынын директору Мирлан Атакулов, Саламаттык сактоо министрлигинин ички аудит бөлүмүнүн начальниги Бек Ногойбаев катышты.


Кеңешменин жүрүшүндө тийиштүү компенсациялардын төлөнүп берилиши, обсервациялык орундардын жетиштүүлүгү, кызыл зонада иштеген медициналык кызматкерлердин тамактануусу, ошондой эле акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө жөнөтүлгөн кызматкерлер боюнча маселелер талкууланды.


Ошондой эле вице-премьер-министр обсервациядагы медициналык кызматкерлер менен жолугушуп, алардын шарты менен таанышып чыкты. Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасынын жетекчилигине медициналык кызматкерлер менен жолугушууда аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу тапшырмасы берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн