Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:34
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Вице-премьер А.Исмаилова реаниматолог-анестезиологдор менен жолукту

20.08.2020 18:05
1122
Вице-премьер А.Исмаилова реаниматолог-анестезиологдор менен жолукту


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга баруусунда реаниматолог-анестезиологдор менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жолугушуунун алкагында анестезиология жана реаниматология кызматынын актуалдуу маселелери, өлкө боюнча реанимация бөлүмдөрүн жабдуу, кадрларды даярдоо, педиатриядагы анестезиология жана реаниматология кызматынын курч маселелери жана реанимациялык көмөк көрсөтүү өзгөчөлүгүнө жараша медициналык кызматкерлердин маянасына тийиштүү көйгөйлөр талкууланды. 

Вице-премьер-министр COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын алуу максатында Өкмөт тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар, анын ичинде президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча курулуп жаткан жаңы ооруканалар тууралуу маалымат берди.

Жаңы курулуп жана реконструкцияланып жаткан ооруканалардагы реанимациялык бөлүмдөрдү жана блокторду, интенсивдик терапия палаталарын кычкылтек менен камсыздоо маселесине басым жасалды. 

Реаниматолог адистер кызматты оптималдаштыруу, заманбап жабдуулар менен камсыздоо жана кызматка жаш адистерди тартуу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын анестезиолог жана реаниматологдорунун бирдиктүү кызматынын жобосуна тийиштүү сунуштарды беришти. 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова дарыгерлерге ыраазычылык билдирүү менен медициналык кызматкерлер менен жумушчу кеңешмелерди үзгүлтүксүз негизде өткөрүүнүн манилүүлүгүн белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн