Бугу 20, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Вицеликке сунушталып жатканы кабарланган Аида Исмаилованын басып өткөн жолу

01.04.2020 12:54
1466
Вицеликке сунушталып жатканы кабарланган Аида Исмаилованын басып өткөн жолу


 

Бүгүн, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кызматынан бошотулду.


Биздин ишенимдүү булактар вице-премьер-министрлик кызматка “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Аида Исмаилованын талапкерлиги сунушталып жатканын кабарлады. Биз Исмаилованын өмүр жолун сунуш кылабыз.


 

1976-жылдын 17-декабрында Фрунзе шаарында мугалимдин үй-бүлөөсүндө төрөлгөн. Атасы Исмаилов Жекшенбай көп жылдар бою билим берүү тармагында эмгектенген, ал эми апасы Ургазиева Кузипа балдарды тарбиялоо менен алектенген.


Орто билимди 1984-1994-жылдары Бишкек шаарынын № 62 мектебинде билим алган. Жогорку билимди Бишкек гуманитардык университетинин «Чыгыш таануу» факультетинен 1999-жылы «экономист-чыгыш таанучу»  кесибин алып чыккан (адистештиги-Кореянын экономикасы).


Эмгек жолун 1997-жылы, студенттик кезден баштаган. «Баласагын» жеке менчик мектебинде корей тилинен мугалим болуп эмгектенген;


1998-2002-жылдары «Пхурыл Киль» ЖЧКсында котормочу болуп иштеген;


2002-2005-жылдары «Хануль» ЖЧКсында негизги менеджер, котормочу адистигин ээлеп турган;


2005-2006-жылдары «Венчур Си энд Си Плаза» компаниясында котормочу;


2006-2008-жылдары «Венчур Си энд Си Плаза» компаниясында негизги менеджер – котормочу;


2006-2010-жылдары кореялык PARK8 OPC Компаниясынын Кыргызстандагы

 жергиликтүү өкүлү болуп ишин уланткан;


2011-2015-жылдары «Silk road services» ЖЧКсынын генералдык директору.


2015-жылдын октябрь айынан тарта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты.


VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү, ошондой эле Кыргызстан-Корея депутаттык достук тобунун жетекчиси.


Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак» грамотасы менен сыйланган, жана ИИМдин «Датка айым» медалынын ээси.


Үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси.



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Эльвира Сурабалдиеваны вицеликке көргөзүш керек!
Эльвира Сурабалдиеваны вицеликке коюуш керек!