Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Вице-спикер Аида Касымалиева эки тараптуу пневмонияга кабылды

12.07.2020 15:33
1394
Вице-спикер Аида Касымалиева эки тараптуу пневмонияга кабылды


Жогорку Кеңештин вице-спикер, депутат Аида Касымалиева эки тараптуу пневмонияга кабылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-июлда Фейсбуктагы баракчасынан кабарлады.

Анын айтымында, 10-12 күндөн бери COVID-19 инфекциясынын белгилери болуп, өзүн обочодо кармаган. Үй-бүлөсүн башка жакка жөнөтүп, өзү үйдө жалгыз калган.

Тест терс жыйынтык көрсөткөнү менен, 4-июлда КТ эки тараптуу пневмонияны көрсөттү. Дарыгерлердин көзөмөлүндө бардык ийне, дарыларды алдым. Жакшымын, буюрса. Сатурация дагы жакшы. Оору жеңил өттү деп айта албайм, бирок убагында өпкөнү текшерттим. Бардык маселелер боюнча байланышта болуп турдум жана болом. Эшикке чыга албасам да, координация колдон келет. Амандыгыңыздарды тилейм! Жакындарын жоготкондорго көңүл айтам!”, - деп жазды вице-спикер.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн