Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева алдыда өтө турган парламенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу Касымалиева билдирди.
Анын айтымында, ал шайлоого катышпоо тууралуу чечим кабыл алган.
"Кымбаттуу мекендештер, санаалаштар, достор!
Эртең шайлоого катышууну каалаган талапкерлер, партиялар үчүн документтерди толук тапшыруу үчүн акыркы күн.
А мен болсо сиздерге өз чечимимди алдын ала билдирип коюуну туура көрдүм. Бул ирээт шайлоого катышпайм, бирок ар дайым мамлекетибиз жана элибиз үчүн кызматтамын. Бардык талапкерлерге, айрыкча айымдарга ийгилик каалайм",- деп билдирүү калтырган Касымалиева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн