Кулжа 29, 2024
Убакыт: 00:59
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Мирлан Бакиров Ташиевге жооп кайтарды

24.06.2020 10:17
1669
Мирлан Бакиров Ташиевге жооп кайтарды


Мен Камчыбек Ташиевдин ордун талашкан жокмун. Чындыгында менин дарегиме айтылган сөздөрү күтүүсүз болду, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде.


Белгилей кетсек, экс-депутат Камчыбек Ташиев жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип жатып, Мирлан Бакировдун атына катуу сындарды айткан. “Эл арасында таасири жок, эч ким тааныбаган жөнөкөй эле депутат “Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрагасы болуп калды, муну менен Кыргызстанда чыныгы эмес, жасалма лидерлер көбөйүп кетти. Мына кыргыз саясатынын бузулушу”, - деп билдирген.




Камчыбек Ташиевдин мындай күтүүсүз сын пикирине Мирлан Бакиров төмөндөгүдөй жооп кайтарды:


- Биринчиден, кыргыз элинде "Аганы көрүп ини өсөт" деген накыл сөз бар. Андыктан эч ким даяр төрага же кандайдыр бир жетекчи болуп төрөлбөйт, ал өз убагы, сааты менен ар кандай ысык-сууктан өтүп, кыргыз элинин улуу инсандарынын тарыхый басып өткөн жолдорун карап таасирленип, улуу агалардын (акалардин) саясый тажрыйбаларын таразага салып, насааттарын угуп, акырындык менен тийиштүү деңгээлге жетет. 


Экинчиден, "Атың чыкпаса жер өрттө" демекчи, мен кандайдыр бир күтүүсүз кадамдарга барып атымды чыгаруудан алысмын. Депутат катары жазган мыйзамдарым, көтөргөн маселелерим менен кыргыз элиме кызмат кылуум маанилүү. 


Үчүнчүдөн, эң кызыгы саясый партия - коомдук уюм, кайсы партия кимди төрага кылгысы келет аны өзү чечет. Мен Камчыбек Кыдыршаевичтин ордун талашкан жокмун да. Чындыгында менин дарегиме айтылган сөздөр күтүүсүз болду. Мен ар дайым Камчыбек Кыдыршаевичке сый мамиле жасап келгенмин, мындан ары да жасай бермекчимин. Себеби, ал менден улуу жана бир аймактын уулдарыбыз.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Акниет
К.Ташиевдин созу аларга даары