Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Вице-спикер Мирлан Бакиров кызматынан кетти

22.12.2020 13:58
4766
Вице-спикер Мирлан Бакиров кызматынан кетти

Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматынан кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Буга чейин “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги Бакировдун кызматтан кетерин, анын ордуна Уланбек Исмаилов  келерин жазган болчу. 


Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары катары жакшы иштеп берди, тажрыйба топтоду. Өзүн саясий чөйрөдө жакшы көрсөтө алды. Ал өз ыктыяры менен башка өсүп келе жаткан депутаттарга орун бошотуу максатында кызматын тапшыруу боюнча чечим кабыл алды. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын саясий кеңешинин чечиминин негизинде Уланбек Исмаилов ЖК Төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлдү. Бул чечимди “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттары сурамжылоонун негизинде колдоп берди”,- дейт Төрөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн