Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 22:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев парламентти тарап кетүүгө чакырды

29.06.2022 12:26
381
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев парламентти тарап кетүүгө чакырды


Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаттарына ачууланып, парламентти тарап кетүүгө чакырды.

Бүгүнкү жыйында жарандар чогулткан байлыгын ачык көрсөтсө кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу тууралуу мыйзам долбооруна каршы чыккан Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев добуш бербей койду. Мындан улам аны күн тартибинен алуу маселеси каралган.

"Эмне эки депутат добуш бербесе эле алып коё беребизби. Урматтуу депутаттар, бири-бирибизди сыйлабайлыбы. Макул же каршы добуш бербейсиздерди. Болбосо тарап кетеличи. Тизме чогулталы анда, мен биринчи кол коюп, мандатымды тапшырайын. Иштесек жакшы иштейли, бири-бирибизди түшүнүп. Иштебесек анда тарайлы баарыбыз, кетели", — деди Сыдыгалиев.

Аны менен катар вице-спикер "Бүтүн Кыргызстан" саботаж кылып жатканын айтып, депутаттарынын компьютерин өчүрүп салуу керектигин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн