Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Владимир Потанин бир күндө 1,5 млрд. доллар акчасынан кол жууду

05.06.2020 10:00
997
Владимир Потанин бир күндө 1,5 млрд. доллар акчасынан кол жууду

Кечээ, 4-июнда россиялык бизнесмен, “Норильский никель” тоо-кен комбинатынын кожоюну Владимир Потанин бир күндүн ичинде 1,5 миллиард доллар акчасынан кол жууду. Бирок, ал өзүнүн 25,2 миллиард доллар байлыгы менен Россиянын эле эмес, дүйнөдөгү ири байлардын бири бойдон калууда. Ушул эле күнү кытайлык бизнесмен Цинь Иньлинь – 7,5 млрд долларынан, Марк Цукерберг – 926 млн долларынан ажырагандыгын долларлуу миллиардерлердин байлыгына реалдуу убакытта көз салып турган Forbes Real Timeдын маалыматынан баамдоого мүмкүн болду.


 

Байлык темасына кошумчаласак, коронавирус пандемиясынын айынан Россия 15% долларлуу миллионерлеринен ажырады, бул болжол менен 37 миңге жакын адам. 2019-жылдын аягында Россияда долларлуу миллионерлердин жалпы саны 246 000 адамды түзгөн. Булардын ичинен 3000ге жакынынын ар биринин байлыгы 50 миллион доллардан ашат деп айтылат Forbes журналынын маалыматында.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн