Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Владимир Путин 2036-жылга чейин президент болбойт, - Александр Лукашенко

07.08.2020 15:18
1232
Владимир Путин 2036-жылга чейин президент болбойт, - Александр Лукашенко


Владимир Путинди улуу агам катары эсептейм. Мындай пикирин Белорусиянын президенти Александр Лукашенко алдыда боло турган президенттик шайлоо тууралуу жергиликтүү журналист Дмитрий Гордонго маек берип жатканда билдирди.


Анын айтымында, Путин экөө тең күчтүү инсан болгондуктан ортолорунда чыңалуу бар. 


"Мен Владимир Владимировичти өзүмдүн агам катары эсептейм. Улуулар дайыма кичүүлөрдү колдоп турушу керек.  Бизде айылда дайыма ушундай болчу, көп балалуу үй-бүлөдө улуулар кичүүлөрүн сүрөп турчу.  Ошондуктан менде ушундай мамиле калыпталып калган.  Мен Путинге: "Улуу агасы кичүүсүнө дайыма жардам берип, жол көрсөтүп турушу керек. Чуркап же бир нерсе кылып жатканда бут тоспой, колдошу зарыл", деп айтып келем. Мен аны менен мамиле түзүүгө аракет кылдым, бирок Путин башкача адам.  Ал шаардык адам десем болот", - дейт Лукашенко. 


Мындан тышкары ал Путиндин  кайра президент болушу тууралуу айтып жатып: "Путин 2036-жылга чейин президент болбойт. Бул боюнча силерге 100% кепилдик бере алам. Путин бийликке көгөрүп асылбайт, ал Россияны өнүктүрүү жолун улай турган адамдын бийликке келишине жол түзөт", - деди.   






Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн