Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Жо Байдендин айыптоосуна жооп берди. Бул тууралуу орус басылмалары билдирди.
"Мен аны менен мурдатан бери таанышмын. Анын айткан сөзүнө эмне деп жооп берем. Ден соолукта болсун. Мен ага ден соолук каалайм.
Бирок биз бала кезде ойноп жатканда уруша кетчүбүз. "Ошондо ким эмне десе өзү ошондой дейт элек". Бул жөнөкөй сөз эмес. Биз дайыма өзүбүздүн сапаттарыбызды башкалардан көрөбүз. Ошого жараша аны баалайбыз",- деп жооп кайтарды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн