Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:40
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Владимир Путин Кыргызстанга 15-октябрда келери белгилүү болду

26.09.2023 17:10
227
Владимир Путин Кыргызстанга 15-октябрда келери белгилүү болду


Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин Кыргызстанга 15-октябрда келерин тастыктады. Анын Беларустун башчысы Александр Лукашенко менен эки тараптуу жолугушуусу да Бишкекте өтөөрүн РИА Новости билдирди.


Буга чейин Александр Лукашенко кечээ Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, 15-октябрда аны менен Кыргызстанда жолугушууну пландап жатканын билдирген.


"Президент чындап эле ушундай сапарды пландаштырып жатканын жана ал жерде жолугушуу пландалып жатканын тастыктай алабыз", - деди Дмитрий Песков.


Анын айтымында, эки президенттин телефон аркылуу сүйлөшүүсү да болгон. «Путин менен Лукашенко телефон аркылуу көп сүйлөшөрүн биз бир нече жолу билдиргенбиз, бирок биз ар дайым тийиштүү маалымат бере бербейбиз”, - деп жыйынтыктады Дмитрий Песков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн