Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин 15-июлга чейин өлкө аймагында эмгектенген мигранттарды вакцинациядан өткөрүү боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу орус басылмалары билдирди.
Россияда акыркы ай пандемиялык абал курчуп барат. Бир нече күндөн бери бир суткада эле 20 миңден ашуун жарандан коронавирус табылууда.
Илдетти ооздуктоо үчүн, бийлик баардык аймактарда жарандарды милдеттүү эмдөөдөн өткөрүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн