Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин өзүнөн кийин келе турган президент мураскор тууралуу айтты. Бул тууралуу ал Женевада журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Путиндин айтымында, анын ордуна ким келбесин ал мамлекеттин кызыкчылыгын коргой турган болсо аны колдойт.
"Мен өзүм кандай гана чечим болбосун мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасайм. Өлкөнүн стратегиялык жана геосаясий тармактан өнүгүшүн каалайм.
Эч кимибиз туруктуу болуп дүйнөдө калбайбыз. Сиздин да менин да ордума бирөө келиш керек. Бул биологиялык процесс, андан качууга мүмкүн эмес. Менин ордума да мамлекеттин кызыкчылыгын коргой турган ким келбесин мен аны колдойм. Ал мага карата кандай чечим алганы маанилүү эмес. Мамлекет үчүн иштесин",- деди Путин.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн