Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 22:14
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Владимир Путиндин жылдык кирешеси белгилүү болду

17.04.2021 18:33
1195
Владимир Путиндин жылдык кирешеси белгилүү болду

Владимир Путин 2020-жылы 9,994 миллион рубль киреше тапкан, бул мурдагы жылдагыдан 270 миң рублга көп акча. Маалыматты РИА Новости таратты.


Президенттин өткөн жылдагы киреше-чыгашасы, мүлкү жана мүлктүк милдеттенмелери тууралуу Кремлдин сайтында жарыяланган.


Мурдагыдай эле Путиндин декларациясында аянты 77 чарчы метр батир жана гараж жазылган. Ал эми колдонууда аянты 153,7 чарчы метр болгон дагы бир батир жана 18 чарчы метрлик гаражы бар. Ошондой эле "ГАЗ М21" жана "Нива" унаалары менен "Скиф" чиркегичи жазылган.

Путин 2019-жылы 9,726 миллион рубль тапкан, 2018-жылы кирешеси 8,648 миллион рублди түзгөн болчу.


Ал эми 2017-жылы эң көп делген 18,7 миллион рубль пайда көргөн. Ошол убакта чоң аянттагы жерлерди сатканы үчүн кирешеси көбөйгөнү белгилүү болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн