Бугу 10, 2024
Убакыт: 06:54
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Владимир Зеленскийге карантинди бузганы үчүн айып салынды

11.06.2020 16:42
930
Владимир Зеленскийге карантинди бузганы үчүн айып салынды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Хмельницкий шаарына барган учурда карантиндин талаптарын бузганы үчүн ага айып салышты, деп билдирди «Укринформ». 


Зеленский 3-июнда Хмельницкий шаарындагы кафеге барып, бир столдо эң аз дегенде 5 адам менен отурган. Өкмөт тарабынан коомдук тамактануучу жайлардын ишмердүүлүгүнө 5-июнга чейин тыюу салган болчу. Ал эми кафелердин жайкы бөлүгүндө бир учурда төрт адамдан көп эмес отурууга уруксат берилген. 


Буга чейин Зеленский аталган шаарга болгон иш сапарында саясатчылардын тобу менен кафеде кофе ичкен учурда карантиндин талаптарын бузган. Анда ИИМ кафенин ээсине айып пул жазарын билдирген. Кийинчерээк Зеленский журналисттер менен жолугушууда, ага айып пул жазышканын айткан. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн