Кыргызстандык суучул спортчу Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүүгө бел байлады. Бул тууралуу Шулико маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, көптөгөн сүзүүчүлөр анын бул сунушунан баш тарткан жана туурасынан сүзүп өтүүгө макул болгон.
"Жарым жылдан ашык убакыттан бери машыктыруучум экөөбүз Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүү үчүн даярданып келатабыз.
Ата-энем менен кеңешип бул кадамды жасоого бел байладым.
Муну менен өзүмдү гана эмес Ысык-Көлдү да дүйнөгө тааныткым келет",- деди Шулико.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн