Россиянын Воронеж облусунда аялдамада турган автобус жарылып кетти. Бул тууралуу ТАСС билдирди.
Маалыматка ылайык, окуядан бир аял көз жумган, 17 адам жабыркаган.
Окуянын себеби азырынча белгисиз. Жүргүнчү ташуучу фирманын маалыматында, автобус жөн жарылмак эмес, ал дизель күйүүчү майы менен жүргөн автобус болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн