Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:48
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Вячеслав Володин: Башыңарга каран күн түшсө түз эле Россияга карайсыңар

08.12.2020 09:18
6110
Вячеслав Володин: Башыңарга каран күн түшсө түз эле Россияга карайсыңар


Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москвага болгон иш сапары учурунда Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту. Жолугушууда Т.Мамытов Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба жана темир жол каттамдарын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү. Ал эми Володин   интеграцияда туура багыт алуу зарылдыгына токтолуп, тымызын какшык менен Кыргызстанга "багытын" көрсөттү.

 

Европада жакшы шарттар болгону менен КМШдан барган жарандарды эч ким күтүп албайт. Келечек – интеграцияда. Ар кандай факторлорду эске алып, кайсы мамлекеттер менен биригүү маанилүү экенин түшүнүш керек. Эч кимди таарынткым келбейт. Кээ бир мамлекеттердин айрым саясатчылары интеграция жөнүндө кеп козголгондо дароо АКШ тарапка бурула башташат. Ал эми оорчулук келгенде, башына каран күн түшкөндө заматта Россияга кайрылат”, - дейт ал.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Гулхан Жолдошова
Бычаксыз сойду.
Жанарбек
Башка өлкөлөр менен башташ керек мамилени. Россиядан башка өлкөлөр м.н мамиле кылгандар өсүп өнүгүп эле келатышат. Россиядан басынтуудан башка эмне көрдүк. Кээлери айтат россиядан нан таап жатабыз деп. Орустар нанын бекер берип аткан жок. Ошол нанды жеш үчүн өмүрлөрүнөн айрылып атышат.
Кыргыз уулу
Терең ойлонуп анан акылдуу сөз жазсаң. Жөн эле кежирленип, дөөдурөй бергенден пайда жок. АКШ акеңди таанытып койот макулук.
Астра
Туура айттыныз
Патриот
Озун макулук, омур бою орустарга кул болуп журо бер. Акыл менен мамиле кылса ар Бир олко менен болгон мамиледен пайда тапса болот.
Чынара
Туура айтасыз
1953
Россиядан башка эч Бир мамлекеттин полициясы менен жумуш беруучулору мигранттардын эсебинен жашабайт.
0122
Туура айтасыз кошулам