Бугу 17, 2024
Убакыт: 22:13
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Якутияда кыргыз мигранттар массалык түрдө көмүлгөн деген билдирүүгө Элчилик үн катты

10.07.2020 09:49
940
Якутияда кыргыз мигранттар массалык түрдө көмүлгөн деген билдирүүгө Элчилик үн катты

 

Кыргызстан жана Тажикстандан келген мигранттардын массалык түрдө көмүлгөн жер Якутияда табылды деген маалыматка Россиядагы Элчилик жооп берди.


Мекеменин билдирүүсүнө караганда, бул маселе Элчиликтин көзөмөлүндө турат.


“Белгиленген жерде 5-кыргызстандыктардын сөөгү көмүлгөн. Алардын ичинен төртөө - КРнын жарандары жана бирөөсү – Кыргызстанда төрөлгөн Россиянын жараны. Жарандардын сөөктөрүн көмүүгө тийиштүү уруксат кагаздары жана документтери бар. Болгон маалыматка ылайык, сөөк коюлган жер жергиликтүү мусулман көрүстөнүнө тиешелүү. Тилекке каршы, мусулман көрүстөнүнүн аймагы өз убагында тосулбаган жана каралган эмес”, - деп айтылат маалыматта.


Маалыматка таянсак, учурда Саха Республикасынын (Якутиянын) Мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан бул мусулман көрүстөнүнүн аймагы тазаланып, оңдоо иштери жүргүзүлүп, уруксатсыз топтолгон таштандылар жок кылынып, мүрзөлөр тазаланды.


Ошондой эле Саха Республикасынын (Якутиянын) Мусулмандарынын дин башкармалыгы көрүстөндүн аймагына ар дайым кам көрүү тууралуу жана аймактык мүчөлүк боюнча документтерди тапшыруу чечимдерин жарыялаган.


Маалымат үчүн: Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин Саха Республикасынын Якутск шаарында Канцеляриясынын жакынкы убакытта ачылышы боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Канцелярия ачылаары менен, бул мекеме менен байланыш үчүн тийиштүү маалымат Элчиликтин сайтына жана Элчинин блогуна жайгаштырылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн