Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:40
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Яндекс Go салык төлөйт. Чет элдик үч компания салык төлөй турган болду

06.07.2022 11:29
618
Яндекс Go салык төлөйт. Чет элдик үч компания салык төлөй турган болду


Кыргызстанда электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү алгачкы 3 чет өлкөлүк компания республиканын бюджетине кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталышты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Яндекс Go, Megogo жана Xsolla компаниялары МСКнын www.vat.salyk.kg электрондук сервисинде аралыктан салыктык каттоодон өтүштү.

Азыркы учурда тейлөө функциясы электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмга КНС боюнча салык төлөөчү катары салыктык каттоодон өтүүгө, идентификациялык салык номерин алууга жана салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Google салыгы” – жеткирүү орду Кыргызстандын аймагы деп таанылган, Кыргызстанда катталган домендик аталышты же IP-дарегин колдонбостон электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдарга тиешелүү.

Белгиленгендей, КНСтин ставкасы ишке ашырылган кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасынан 12%ды түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн