2021-жылдын январь айында азык-түлүккө болгон баа 1,7 пайызга өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, январдагы ички дүң өндүрүм алдын ала баалоо боюнча 33 миллиард сом болду. Кумтөр кенин эсепке албаганда ички дүң өнүмдүн көлөмү 30 миллиард сомго жакындап, былтыркы жылга караганда 4,5 пайызга азайды.
Өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмү январда 22 миллиард сомго жетип, 2020-жылдын январына салыштырмалуу 9,5 пайызга аз болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн