Казакстандын Башкы прокуратурасы кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду Казакстанга келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Tengrinews.kz көзөмөл органына шилтеме берип жазды.
10-февралдан бери Алматы облусу боюнча коррупцияга каршы депратаменти Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси боюнча ("Топ адамдар жасаган кыйноо") аты-жөнү тактала элек тартип сакчыларга карата сотко чейинки иликтөө жүргүзүүдө.
"Иш боюнча Алматы шаары менен облусунун полиция департаментинин кызматкерлери, Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын жана медицина кызматынын өкүлдөрү суракка алынган. Алып келинген жарандар каттоо журналына кирбей калгандыктан жана видеожазуулардын жоктугуна байланыштуу шектүүлөрдү аныктоого мүмкүн болбой жатат. Анын үстүнө ишке тартылган тартип сакчылардын бардыгы бет кап кийип жүргөн", - деди Башкы прокуратура.
Полициянын облустук департаментинен билдиришкендей, "Январь окуяларында" тартылган кызматкерлердин бардыгы суралды.
"Тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Рузахунов бир нече ирет чакыртылган. Учурда анын коопсуздугун камсыздоо менен Казакстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди Башкы прокуратура.
Сотко чейинки тергөө амалдары Алматы облустук прокуратурасынын көзөмөлүндө турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн