Бугу 20, 2024
Убакыт: 06:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Январь–март айларында экономикалык өсүш 3,9 пайызга төмөн болду

13.04.2020 09:53
550
Январь–март айларында экономикалык өсүш 3,9 пайызга төмөн болду


Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 12-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Коронавирус инфекциясынын ата мекендик экономикага тийгизген терс таасирин азайтууга багытталган өлкө өкмөтүнүн кризиске каршы чаралар планынын ишке ашырылышынын жүрүшү талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдар тарабынан биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, өлкөдөгү ишкерликтин активдүүлүгүн колдоого жана социалдык аялуу жана убактылуу жумушсуз калган жарандарга көңүл бурулушу керектигин билдирди.

Ушу жылдын аягына чейин кризиске каршы чараларды жана анын кесепеттерин аныктоо менен өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн ар кандай сценарийлерин иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мамллекеттик бюджеттин приоритеттүү болбогон чыгашаларын каржылоо убактылуу токтотулгандыгын маалымдады.

2020-жылдын январь–март айларында экономикалыш өсүш 1,5%ды түзүп, былтыркы жылдын ушул көрсөткүчтөрүнөн 3,9%дык пунктка төмөн болду. Экспорттун төмөндөгөнү жана айрым социалдык мааниге ээ товарларга баалардын көтөрүлгөнү байкалууда. 

Эркин Асрандиев азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында аймактардагы элге ун жана биринчи кезекте зарыл болгон товарларды  жеткирүү улантылып жаткандыгын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн