Баш оона 22, 2025
Убакыт: 13:16
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Япон министри Олимп оюндарын каргышка калган деп сыпаттады

20.03.2020 10:12
852
Япон министри Олимп оюндарын каргышка калган деп сыпаттады


Япониянын каржы министри Таро Асо 2020-жылдагы Токио шаарында өтүүчү Олимп оюндарын каргыш деп ойлойт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Таро Асонун ою боюнча 1940-жылдан баштап, мындай каргашалуу оюндар 40 жылда бир болот.


1940-жылдагы Токиодогу мелдеш согуштун айынан токтотулган, 1980-жылдагы Москвадагы оюнга көптөгөн өлкөлөр бойкот жарыялаган, 2020-жылдагы Олимпиада оюндары коронавирустан улам өтпөй калуу коркунучунда турат.


“Бул көйгөй ар кырк жыл сайын жаралат, Олимпиада каргышка калган. Бул факт”, - деген министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн