Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:24
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Япония Кыргызстанда кичи ГЭСтерди курууга кызыкдар

30.11.2022 16:30
420
Япония Кыргызстанда кичи ГЭСтерди курууга кызыкдар

Кыргыз делегациясынын Японияга болгон жумушчу сапарынын алкагында өлкөнүн суу-энергетикалык потенциалынын бет ачары болуп өттү. Энергетика министрлиги тарабынан даярдалган презентацияда кичи ГЭСтерди куруу жана жалпысынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө басым жасалган.


Бет ачардын жыйынтыгында 2022-жылдын декабрь айында Muroosystems Corporation компаниясынын өкүлдөрү өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын изилдөө үчүн Кыргызстанга келүүсү боюнча макулдашууга жетишилгендигин энергетика министр Таалайбек Ибраев билдирди.


«Япониянын Muroosystems Corporation компаниясынын өкүлдөрү менен жолуктум. Жолугушуунун алкагында алар энергетика тармагы боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти. Өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын изилдөө үчүн алар Кыргызстанга 10-декабрдан кийин келүүсү боюнча макулдаштык», — деди Ибраев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн