Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 05:44
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Япония Кыргызстандын Салык кызматы менен кызматташууга кызыкдар

30.09.2023 12:36
276
Япония Кыргызстандын Салык кызматы менен кызматташууга кызыкдар


Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов Япониянын финансы министринин орун басары Масато Канда баштаган япон делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргелешип ишке ашырылган "МСКнын адам ресурстарын өнүктүрүү системасын жакшыртуу" долбоорунун жыйынтыктарын талкуулашты.

Салык кызматынын төрагасы А.Абдувапов Япониядан келген делегацияны жылуу тосуп алып, Салык кызматынын адистерин аралыктан окутуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, эки тараптуу тыгыз кызматташтыктын алкагында түзүлгөн продуктулар жана JICA тарабынан көрсөтүлгөн техникалык жардам салык системасын санариптештирүүгө багытталган заманбап максаттарга жана милдеттерге жетүүгө өбөлгө түздү.

Алтынбек Абдувапов Салык кызматынын жаңы кызматкерлеринин базалык билимдерин бекемдөөгө жана иштеп жаткан кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга мүмкүндүк берген аралыктан окутуу системасы өз убагында түзүлгөндүгүн жана анын актуалдуулугун белгиледи.

Ал эми Япониянын финансы министринин орун басары Масато Канда долбоордун жыйынтыгын жогору баалап, квалификациялуу адистерди даярдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө адилеттүү салык салуу – дүйнө жүзүндөгү демократиялык принциптердин маанилүү аспектилеринин бири.

Эскерте кетсек, Салык кызматынын кадрдык дараметин өнүктүрүү системасын жакшыртуу боюнча кыргыз-япон үч жылдык долбоору Салык кызматынын кадрдык дараметин өнүктүрүү жана аралыктан/электрондук окутууну киргизүү аркылуу калктын салыктык сабаттуулугун жогорулатуу максатында ишке ашырылган.

Долбоордун аркасында салык кызматкерлери смартфондордун, ноутбуктардын жана жеке компьютерлердин жардамы менен жумуштарын үзгүлтүккө учуратпастан минималдуу убакыт сарптоо менен квалификацияларын жогорулатууда. Ошондой эле окуучулар үчүн салык сабаттуулугу темасында анимациялык роликтер түзүлүп, окуу аудио жана видеосабактарды даярдоо үчүн студия ачылган.

Санариптик инструменттерге глобалдык түрдө өтүү шартында Салык кызматынын адистери салыктык башкаруу чөйрөсүндө жогорку натыйжалуу көндүмдөргө жана билимдерге ээ болушу керек. Ушуга байланыштуу, япон тарап Мамлекеттик салык кызматы менен мындан ары кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн