Бугу 14, 2024
Убакыт: 15:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Япония Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 7,6 млн доллар жардам берет

09.02.2023 13:31
392
Япония Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 7,6 млн доллар жардам берет

Япония Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 7,6 млн доллар кайтарымсыз жардам бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, финансы министри Алмаз Бакетаев менен Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года жана Эл аралык кызматташтык агенттигинин КРжагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюкинин катышуусунда "Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык жабдууларын жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюу аземи өттү.


Ошондой эле жолугушууга КР Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров катышты.


Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Япония өкмөтү 999 млн япон йен (7,6 миллион доллар) грант берип жатат.


Долбоордун максаты - саламаттык сактоо уюмдарын жугуштуу эмес ооруларды диагностикалоо жана дарылоо үчүн медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн