Япония менен Кореянын командалары дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына катышуу үчүн Бишкек шаарына келишти, деп кабарлайт Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик.
Маалыматка ылайык, мелдеш 2021-жылдын 6-9-апрель күндөрү өтөт. Мелдешти Covid-19 шарттында өткөрүү протоколуна ылайык, ар бир командага өзүнчө транспорт, медициналык текшерүү, ПЦР тест жана 24 саат байкоо жүргүзүү шарты каралган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн