Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:56
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Япония Сузактагы мүмкүнчүлүгү чектелген карылар интернатына жабдууларды берет

19.10.2023 09:26
470
Япония Сузактагы мүмкүнчүлүгү чектелген карылар интернатына жабдууларды берет


Сузактагы карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы социалдык стационардык мекемеси Япония элчилигинен медициналык жабдууларды алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, тараптар Япония өкмөтүнүн «Чөп тамыры жана адам коопсуздугу» программасынын алкагында жалпы суммасы 43 миң 183 АКШ долларына гранттык келишимдерге кол коюшту. Физиотерапиялык аппараттар жана стоматологиялык жабдуулар интернатка берилет.


«Япония элчилигинин ишмердүүлүгү жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларын, анын ичинде улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык мекемелерде жашагандарды коргоого көмөктөшөөрүн белгилей кетүү маанилүү. Ошентип, Жайыл мектеп-интернатына ашкана жана өндүрүштүк жабдууларды сатып алууга 100 миң доллардан ашык каражат бөлүнгөн. Токмактагы эки мектеп-интернатына жана Сокулук реабилитациялык борборуна курулуш материалдарын, өндүрүштүк жана медициналык жабдууларды, транспорт каражаттарын сатып алууга жалпысынан 215 миң доллардан ашык каражат бөлүнгөн. Долбоордун алкагында карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн Нижне-Серафимовский социалдык стационарында жашоо шарттары жакшыртылды», - деп белгиледи Гүлнара Баатырова.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн