Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Япония элчилиги өкмөттүк стипендиялык программаларына арыздарды кабыл алууда

13.01.2024 11:12
243
Япония элчилиги өкмөттүк стипендиялык программаларына арыздарды кабыл алууда


Япония элчилиги Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлигинин NIKKENSEI жана KYOKENSEI өкмөттүк стипендиялык 2024-жылдык программаларына арыздарды кабыл алууда. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн кабарлашты.


NIKKENSEI — Япониядагы япон тили жана маданияты боюнча студенттер үчүн окуу программасы. Бул программа боюнча тапшыра тургандар КР жарандыгын алган жана биринчи адистиги катары япон тили же япон маданияты менен байланышкан адистикте окуган университеттин студенттери болушу керек.


KYOKENSEI — башталгыч жана орто билим берүүчү мекемелерде жана педагогикалык окуу жайларында (университеттерден тышкары) иштеген мугалимдер үчүн "Японияда окуу" программасы.


Арыздарды 12-февраль саат 17:00гө чейин тапшыруу керектиги айтылды. Толугураак маалымат алуу үчүн Япония элчилигинин сайтына кирүү керек. Ал жакта окууга тапшырууну каалагандар үчүн коюлган талаптар, арыз толтуруу жол-жобосу жазылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн