Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:43
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Япония менен Кыргызстан адамдык ресурстарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташат

12.05.2021 19:51
629
Япония менен Кыргызстан адамдык ресурстарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташат

 Бүгүн, 12-майда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Немото Наоюки менен жолукту. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинен кабарлашты.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен JICAнын ортосундагы кызматташуунун келечегин, ошондой эле Кыргызстанда транспорт, саламаттыкты сактоо жана туризмди өнүктүрүү, анын ичинде адамдык ресурстарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.


Кар көчкүлөрүн азайтууга жана жол тармактарын сактап калууга мүмкүндүк берген "Бишкек-Ош унаа жолунун бөлүктөрүнүн кар көчкүлөрүнөн коргоо" долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын адамдык потенциалын чыңдоонун жана өнүктүрүүнүн ачкычы болгон "Адамдык ресурстарды өнүктүрүүнүн стипендиялык программасы" (JDS) долбоору боюнча макулдашуу долбоорлоруна кол коюуга байланыштуу маселелер көтөрүлдү.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешип эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү тууралуу макулдашышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн