Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 13:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Япон бийлиги элди беткапсыз жүрүүгө чакырууда

05.06.2020 13:31
946
Япон бийлиги элди беткапсыз жүрүүгө чакырууда

Япониянын айлана чөйрөнү коргоо министрлиги күн кескин ысып кеткенине байланыштуу көчөдө жүргөндө тийиштүү аралык сактоо менен беткапты чечүүгө чакырууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, жума күнгө карата Японияда күн кескин ысып кеткен. Түшкө чейин эле Гифу аймагында абанын табы +32 градустан ашса, Фукусимеде +31ге жеткен, Токиодо +29,7 градус ысыкты көрсөткөн. Күндүн соңуна чейин Оитада +34, Окаяма, Киото жана Оита шаарларында +33, Токиодо  +31 градуска чейин ысык болору күтүлүүдө.


Мындан улам айлана чөйрөнү коргоо министрлиги беткапчан физикалык оор көнүгүүлөрдү жасоодон баш тартууга, тез-тезден суу ичип турууга жана сыртта жүргөндө башка адамдар менен тийиштүү аралыкты сактоо менен беткапты чечүүгө чакырган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн