Япониянын түштү-чыгышында жайганшкан төрт аймагыда жаан-чачынга байланыштуу 1,28 миллон адамга коопсуз жайга көчүү айтылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кооптуу жайдан көчүрүү Фукуока, Кумамото, Нагасаки, жана Оита аймактарында жарыяланган.
Жаан-чачын Япониянын түштүк-чыгышында ишемби күнү башталган. Анын кесепетинен жер күрткүсү жана селдер жүрүп, 52 адам каза болуп, экөө оор жаракат алган, 12 адам дайынсыз болууда. Кюсю аймагында 7 миң адам электр жарыгы жок калган.
Кырсыктан жолдор, көпүрөлөр жабыркап, анын кесепеттерин жоюу үчүн куткаруучулар жана 10 миң аскер кызматкерлери тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн