Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Японияда жашаган программист "Тазалык" ишканасына жардамчы-тиркеме белек кылат

12.07.2023 15:29
228
Японияда жашаган программист "Тазалык" ишканасына жардамчы-тиркеме белек кылат


Японияда жашаган теги кыргызстандык болгон программист Азат Имаш Бишкектин "Тазалык" ишканасына Locator.kg жардамчы-тиркемесин белек кылат. Бул тууралуу Жогорку технологиялар паркы билдирди.

Имаш өзүнүн эмгегин ишкананын директору Рамиз Алиевге көрсөтүп берген. Аларды Жогорку технологиялар паркы жолуктурганы белгиленди.

Тиркеме шаарды тазалоого жардам берет. Мисалы, бирөө уруксатсыз жерге ыргытылган таштандыны көрсө, аны сүрөткө тартып сайтка жүктөй алат. Маалымат дароо модераторго жетип, тийиштүү кызматтардын жумушчуларына тапшырма берилет.

Эгер көйгөй чечилсе эски сүрөттү (таштанды менен тартылган) жаңысына (таштанды тазаланган) алмаштырып коюшат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн