Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:38
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Япониядан келген жаран коронавирустан таза чыкты

10.03.2020 09:48
880
Япониядан келген жаран коронавирустан таза чыкты


Япониялык Diamond Prinсess саякаттоо лайнеринен кайтып келген кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдады.


Билдирүүгө ылайык, бул жаран учуп келээри менен обсервацияга алынган. Абалы канааттандыраарлык. Коронавируска кайрадан анализ алынып, текшерилип, учурда вирустун белгилери аныкталган жок. Ал обсервацияда көзөмөлдө болот.


Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 2-мартына карата бекиткен алгоритмине ылайык, эпидемиялык абал курч болгон өлкөлөрдөн келген кыргызстандык жарандар 14 күн обсервациялык имаратта кармалат.  


Лайнердеги бул жаран үстүбүздөгү жылдын 15-февралында Токио шаарында Аскердик госпиталга жаткырылып, 15-февралдан 29-февралга чейин көзөмөлдө болгон.  


"Андан коронавируска карата бир нече ирээт анализ алынып, жыйынтыгы таза чыккан. 29-февраль күнү ден соолугу жакшы деген бүтүм менен госпиталдан чыгарылган", - дейт министрлик.


Тышкы иштер министрлиги да, 26-февралда коронавируска алынган анализдин жыйынтыгы оң натыйжа бергенин билдирген. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн