Кулжа 29, 2024
Убакыт: 06:32
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Япониялык компания чакан Каракөл ГЭСин курат

20.12.2022 11:34
296
Япониялык компания чакан Каракөл ГЭСин курат


Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Япониянын “Muroo Systems Co” компаниясынын президенти Жонсинг Панды кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун алкагында тараптар энергетика тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Талайбек Ибраев менен “Muroo Systems Co” компаниясынын президенти Жонсинг Панды өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумга, ошондой эле чакан Каракөл ГЭСин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча Жол картасына кол коюшту. 


Таалайбек Ибраев бул документ тараптардын мындан аркы практикалык кызматташуу үчүн маанилүү экенин билдирди. Аны менен катар бул өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун максаты Кыргыз Республикасында гидроэнергетикалык долбоорлорду өнүктүрүү, атап айтканда чакан гидроэлектрстанцияларын куруу боюнча кызматташтык үчүн тыгыз өз ара аракеттенүү болуп саналат.


Ал эми “Muroo Systems Co” компаниясынын президенти Жонсинг Пан Чакан ГЭСтерди куруу жана жалпысынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга, тыгыз кызматташууга жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгиледи.

Кол коюлган Жол картасынын алкагында чакан ГЭС куруу жөнүндө долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу каралууда.


Эске салсак, ноябрь айында министр Таалайбек Ибраев Японияга болгон иш сапарында “Muroo Systems Co” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, кичи ГЭСтерди куруу жана жалпысынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча презентацияда жасалган.


Жыйынтыгында 2022-жылдын декабрь айында «Muroosystems Corporation» компаниясынын өкүлдөрү өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын изилдөө үчүн Кыргыз Республикасына келүүсү боюнча макулдук беришкен.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн