Бүгүн саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев менен ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапанын жолугушуусу өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө ЮНИСЕФ министрликке "iEMDOO" маалымат системасын ишке киргизүү үчүн 507 моноблок тапшырды. Бул система баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде эмдөө программасына санариптик инструменттерди киргизүүгө, персоналдаштырылган эсепти жакшыртууга жана балдарды эмдөө менен камтууну жогорулатууга мүмкүндүк берет. Демилге Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамды модернизациялоого жана саламаттыкты сактоодо санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багытталган.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЮНИСЕФтин 2023-2027-жылдарга карата өлкө программасы да талкууланды. Самман Тапа Саламаттыкты сактоо министрлиги, ЮНИСЕФтин жүргүзүлүп жаткан иш-чаралары жана иш планы менен тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, уюмдун Кыргызстандагы балдардын ден соолугун, өнүгүүсүн жана бакубаттуулугун жакшыртууга умтулуусун баса белгиледи. Бул аракеттер бардык жарандардын өмүр бою негизги медициналык кызматтардын толук спектрин камтыган, финансылык кыйынчылыктарсыз сапаттуу медициналык тейлөөгө жетүүсүн камсыз кылууга багытталган.
"I-EMDOO" системасы Кыргызстандагы медициналык кызматтарды санариптештирүүдөгү олуттуу прогрессти билдирет. Эмдөөлөрдү каттоону толугу менен санариптештирүү менен система медициналык кызматкерлердин административдик жүгүн азайтат, бул аларга бейтаптарды тейлөөгө көбүрөөк көңүл бурууга жана коомдук саламаттыкты сактоонун алдын алуу чараларынын алкагында камтылбай калган балдарды жана калкты оңой көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Учурдагы саламаттык сактоо маалымат базалары жана платформалары менен интеграциялоо коомдук саламаттыкты сактоону эффективдүү башкаруу үчүн маанилүү болгон ар тараптуу жана так маалыматтарды чогултууну камсыздайт», - деди Самман Тапа.
"Өткөн жылы эле биз ЮНИСЕФтен өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүдө олуттуу ролду ойногон 3 млн долларга жакын жардам алдык. ЮНИСЕФтин COVID-19 пандемиясынын учурунда маанилүү болгон иммунизация системасын санариптештирүүгө кошкон салымы өзгөчө баалуу. Биз мындан ары жемиштүү өнөктөштүктү, анын ичинде техникалык колдоо жана эксперттик жардам маселелерин чыдамсыздык менен күтөбүз.
Учурда саламаттыкты сактоо тутумундагы кырдаалга комплекстүү баа берүүнү жүргүзүп жатабыз жана бирдиктүү эксперттик топ түзүү үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде ЮНИСЕФтин, ДССУнун жана башка уюмдардын аракеттерин бириктиришибиз керек. Бул бизге Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын мындан ары өнүктүрүү боюнча негиздүү сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет",-деди Эркин Чечейбаев.
Жолугушуула 2025-жылы эмдөө процессин кагазсыз эсепке алууга толук өтүү үчүн шарттарды камсыз кылуу пландалып жатканы белгиленди. Бул үчүн бардык журналдарды жана эсепке алуу формаларын санариптештирүү, ошондой эле республика боюнча 1750гө жакын эмдөө пункттарында "iEMDOO" маалымат системасын киргизүү талап кылынат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн