Эл аралык ЮНИСЕФ уюму Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 25 чоң чатыр берди. Аталган уюмдан кабарлашкандай, бул чатырларды убактылуу окуу мекемеси, тамактануу жайы, медициналык пункт же үйсүз калган адамдарды жайгаштыруу үчүн колдонсо болот. Чатырлардын жалпы наркы 4,7 млн сомду түзөт.
"ЮНИСЕФ ар бир баланын коопсуздугун камсыз кылуу максатында өлкөнүн өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүүдө жана ага чара көрүүдө Кыргызстанга колдоосун уланта бермекчи", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн