Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 18:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Юридикалык процедуралар башталат. Белоруссия ШКУга кирүүгө арыз берди

15.07.2022 10:18
481
Юридикалык процедуралар башталат. Белоруссия ШКУга кирүүгө арыз берди


Белоруссия Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирүүгө арыз берди, ассоциация керектүү юридикалык процедураларды баштоого даяр, деп билдирди ШКУнун баш катчысы Чжан Мин жума күнкү маалымат жыйынында.


«Белоруссия ШКУга толук кандуу мүчө катары кирүүгө расмий түрдө арыз берди», - деди Чжан Мин.


Анын айтымында, бул Минск ШКУнун баалуулуктары жана принциптери Белоруссиянын баалуулуктарына шайкеш келет деген бүтүмгө келгенин көрсөтүп турат.


Белгилей кетсек, ШКУнун кезектеги саммити сентябрда Самаркандда өтөт.


Эске салсак, ШКУ 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Ага Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан мүчө. ШКУга байкоочу өлкөлөр - Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия, өнөктөш өлкөлөр - Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка. 2021-жылдын сентябрында Дүйшөмбү шаарында өткөн ШКУ саммитинде Иранды уюмга кабыл алуу жана Египет, Катар жана Сауд Арабияга диалог боюнча өнөктөш статусун берүү процедурасы башталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн